• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткенде Тажикстандын аймагына өтүп кеткен уйлар кайтарылды

Аймак 0

Бишкек, 30.11.22. /Кабар/. Баткенде кароосуз калган калып, Тажикстандын аймагына өтүп кеткен 6 баш уй кожоюнуна кайтарылып берилди. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-ноябрда Ак-Сай айылынын тургуну 1972-жылы туулган Запарбек Жолдубаевдин 6 баш уйу табылбай жатканын айтып кайрылган.

Милиция кызматкерлери териштирүү иштерин жүргүзгөн учурда, уйлар Тажикстандын Исфара районунун Ворух аймагына өтүп кеткени тастыкталган.

"Милиция тарабынан көрүлгөн ыкчам чаралардын натыйжасында, 29-ноябрь күнү саат 20:30 чамасында Тажикстандын Исфара районунун Ворух РИИБдин милиция кызматкерлери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, малдар ээсине кайра кайтарылып берилди", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий