• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткенде Тажикстандын жараны 2,6 килограмм героин менен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.09.20. /Кабар/. Баткенде Тажикстандын жараны 2,6 килограмм героин менен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү кызматы билдирет.

Баңгизаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү кызматы билдиргендей, алар тарабынан ири көлөмдөгү баңгизаттарды аткезчилик жол менен Тажикистандан Кыргызстанга ташыган улуттар аралык уюшкан топту аныктоо жана аны жок кылуу боюнча атайын операция жүргүзүлгөн.

Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чаралары учурунда Баткен облусунун "Арка" айылынын чек арага чектеш аймагында Тажикистандын 38 жаштагы Ю.Х. аттуу жараны кармалган. Анын автоунаасына кароо жүргүзүү учурунда уксус ангидридинин кескин жыты бар таңгакталган зат табылып алынган.

Соттук-химиялык экспертиза көрсөткөндөй, табылып алынган зат героин баңгизаты болгон. Анын салмагы 2,6 килограммды түзгөн.

Учурда аталган кылмышка тиешеси барлардын өздүгүн аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий