• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткенде текшерүү иштери бүткөнгө чейин кары-картаң, аял жана балдар үйлөрүнө барбай турсун — милиция

Аймак 0

Бишкек, 23.09.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Баткенде текшерүү иштери бүткөнгө чейин кары-картаң, аял жана балдар үйлөрүнө барбай турсун. Бул тууралуу ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Исмаилов билдирди.

“Толук текшерүү иштери бүткөнгө чейин коопсуздук жана текшерүү иштерине жолтоо болбош үчүн кары-картаңдар, аялдар жана балдар эвакуация болгон жерлерде болуп турушсун. Зарылчылык болсо үйлөргө кожоюндар эле келип турса деген сунушту берет элек”, - дейт ал.

Исмаилов жарандарды социалдык тармактарда расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутууга (араздашууга) үндөгөн чагымчыл материалдарды бөлүшпөөгө чакырат.

“Өлкөнү туруксуздаштыруу максатында чагымчыл жана башка материалдарды тараткандар мыйзамдын негизинде кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандыгын эстен чыгарбасак. Мыйзам бузууларга, чагымчылдык жасоого аракеттенүүгө, коомдук тартипти бузууга байланышкан жагдайлар аныкталса, мыйзам чегинде чаралар көрүлөт”, - деди ал.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасады.

140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланды.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, куралдуу кагылыштан 59 кыргызстандык (аскер кызматкерлери жана жай тургундар) каза болуп, 198 киши жабыркады.

Пикир

Оставить комментарий