• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткенде тойдо каза болгон аял тууралуу окуянын чоо-жайы (видео)

Аймак 0


Ош, 09.01.19. /Кабар/. Баткен облусунун Сүлүктү шаарында тойдо оюн учурунда 51 жаштагы аял өзүн начар сезип, каза болгон.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, 2018-жылдын 28-декабрь күнү тойдо болжол менен саат 20:30да эки аял оюнга чыккан.

Видеодо көрүнгөндөй, оюн учурунда залда музыка жаңырып, эки аял үстөлдөрдү айланып басышууда. Музыка токтогондо бир аял экинчисине ак калпак кийгизет. Ошол маалда аял үстөлгө отуруп, эс учун жоготуп, жерге кулап түшкөн. Кулаган аялга коноктор чуркап келип, биринчи медициналык жардам көрсөтүшөт.

Аял ооруканага жеткирилип, бирок тилекке каршы, ошол эле күнү көз жумган. Белгилүү болгондой, маркум аял мурда ооруп жүрчү экен, тойдо кан басымы көтөрүлүп кеткен.

Пикир

Оставить комментарий