• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткенде тоо кен ишканаларындагы коопсуздук маселелери талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 12.12.19. /Кабар/. Баткен облусунда тоо кен ишканаларындагы коопсуздук маселелери боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйынга КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров, район, шаар башчылары, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын жетекчилери катышты.

Жыйында акыркы мезгилде өзгөчө, тоо кен казуу ишканаларында техникалык коопсуздуктардын сакталбагандыгынан улам катталып жаткан, адам өмүрүн алган кырсыктардын чыгуу себептери жана кесепеттерин жоюу маселелери каралды. Кемчиликтерди жоюудагы Кыргыз Республикасынын укуктук нормативдик актыларына ылайык, тиешелүү органдар, жеке менчик ишканаларды текшерүү мүмкүнчүлүгү чектелүү экендигин белгилешти.Ошондуктан маселени чечүү үчүн мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл экендиги белгиленип, сунуштарды даярдоо жана тиешелүү жактарга жолдоо, анын ишке ашуусуна жетишүү маселелери каралды. Ошондой эле тоо кен өнөр жай ишканаларында кесиптик адистердин жетишпестиги да негизги маселе экени айтылды. Аны менен катар, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, кооптуу жайларда иштөө менен тобокелчиликке барбоо, мыйзамсыз кен казууга жол бербөө жаатында жетекчилерге тапшырмалар берилди.

Белгилей кетсек үстүбүздөгү жылдын 10-декабрында “Ормон” көмүр шахтасында 4 адам газга ууланып каза болсо, 2019-жылы жалпы Баткен облусунда 12 адам көмүр шахтасында каза болгон.

Мындан улам ыйгарым укуктуу өкүл Акрам Мадумаров, адам өмүрүн алган кырсыктардын алдын алуу үчүн, мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү менен, текшерүүчү органдардын укуктарын кенейтүү жаатында өзгөрүүгө барышыбыз, учур талабы деп белгиледи.

Жыйында экологиялык коопсуздук, айлана чөйрөнү тазалоо, таштандылардан арылуу маселелери да каралып, жетекчилерге тиешелүү тапшырмалар коюлду.

Пикир

Оставить комментарий