• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткенде Туу күнү белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 03.03.20. /Кабар/. Жыл сайын 3-мартта Кыргызстанда Туу күнү белгиленет. Ага ылайык, Баткен облусунда да бүгүн өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Алишер Абдрахманов баш болгон жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышкан митинг реквием болуп өттү. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Ыйгарым укуктуу өкүл өлкө биримдигинин символу болгон туунун маани-маңызына токтолуп, жалпы облус элин Туу күнү менен кутуктап, эгемен өлкөбүзгө бакубатчылык, өсүп-өнүгүү каалады.

Кыргызстандын туусу 1992-жылы 3-мартта Кыргыз Республиканын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилген.

Белгилей кетсек 3-март Кыргыз Республикасынын туусунун кабыл алынган күнү жана 5-март ак калпак күнүнө арналган салтанат эртең, 4-мартта Баткен шаарынын борбордук аянтында белгиленет.

Пикир

Оставить комментарий