• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Баткенде убактылуу коопсуз жайга чыгарылган жарандар үйлөрүнө кайтты

Аймак 0

Бишкек, 13.01.20. /Кабар/. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында болгон чырга байланыштуу убактылуу коопсуз жайга чыгарылган Баткен облусундагы Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургундары үйлөрүнө кайтты. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова билдирди.

Маалыматка ылайык, облустун аймагындагы чек ара жана бажы бекеттери күнүмдүк тартипте иштеп жатат. Кошуна Тажик Республикасы менен чектеш аймактарда абал тынч. “Ош-Баткен–Исфана” автоунаалар жүрүүчү жолдор ачык. Кечээ, 12-январда КР ички иштер министринин орун басары А.Орозалиев, КР Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары А.Алимбаев, ыйгарым укуктуу өкүл А.Мадумаров жана Баткен областынын күч түзүмдөрүнүн башчыларынын катышуусунда координациалык кеңешме өттү. Кеңешмеде Ак-Сай айыл аймагынын Көк-Таш айылындагы окуя боюнча маселе каралып тиешелүү тапшырмалар берилди.

Белгилей кетсек, 9нан 10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чыр чыгып, белгисиз адамдар Кыргызстандын жаранына таандык унааны таш менен ургулашып, Тажикстандын аймагына кире качышкандыгы маалымдалган. 10-январда таңкы саат 6:10 чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургундары ошол эле айылда жайгашкан Шайдулла Ганы атындагы орто мектебинин имаратына жайгаштырылган. Жалпысынан 217 жаран коопсуз аймакка чыгарылган, анын ичинен 117 - жаш балдар, 90 - аялдар, калгандары улгайган адамдар болгон.

Пикир

Оставить комментарий