• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Баткенде "Умрага" жөнөтөм деп 20 адамдан акча алып, качып жүргөн аял кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.08.22. /Кабар/. Кадамжайда "Умра" кичи ажылыкка жөнөтөм деп элдердин акчасын алып, убадасын аткарбай жүргөн аял кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Кадамжай райондук милициясына акыркы бир ай аралыгында "Умрага" жөнөтөм деп акчабызды алып, сапарга жөнөтпөй бизди алдап жүрөт деген таризде жалпысынан 16 арыз түшкөн.

Бул арыздар райондук милицияга Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин ("Алдамчылык") негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталат.

Жургүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кечээ, 9-августта кылмышка шектүү 39 жаштагы А.Б. аттуу аял Ош шаарынан кармалды.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары кармалган А.Б. 20 адамдын ар биринен 75 миң сомдон акча алып жүргөнү белгилүү болду.

Азыркы учурда кармалган шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

"Урматтуу жарандар, кимдир бирөө бул аялдан жабыркаган болсо Кадамжай РИИБне кайрылсаңыздар болот", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий