• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Баткенде уурулук фактысын жашырган милиционерлердин иши сотко өттү

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.03.23. /Кабар/. Баткен облусунда кылмыш фактысын жашырган милиция кызматкерлерине козголгон кылмыш иштери сотко өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, былтыр, 23-августта Баткен шаарындагы “Мазза” кафесине белгисиз жарандар кирип, садака кутучасынан 5 миң 400 сом жана суусундуктарды уурдап, изин жашырып кетишкен.

Аталган кафени ижарага алып иштеткен М.А. аттуу жаран милициянын нөөмөт бөлүмүнө кылмыш жөнүндө билдиргенде, тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге келип, бирок кылмыш жөнүндө арыз алуудан жана аны каттоодон баш тарткан.

Бул факты боюнча Баткен райондук прокуратурасы тарабынан кылмыш иш козголуп, тергөөнүн жыйынтыгында М.Ө., Ы.А. уулу жана Ы.Ж. аттуу милиция кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 377-беренеси (“Жасалган кылмыш жөнүндө арызды же кайрылууну каттоодон баш тартуу же жашырып коюу”) менен айыптары угузулуп, негизинен соттун кароосуна жиберилген.

Ошондой эле Кадамжай райондук прокуратурасы тарабынан уюлдук телефон уурдоо фактысы боюнча кайрылган жарандын арызын кабыл алуудан баш тарткан Н.Б. аттуу милиция кызматкерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 377-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жыйынтыгы менен ага карата айыбы угузулуп, иш соттун кароосуна жиберилди.

Пикир

Оставить комментарий