• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткенде узундугу 46 чакырым сугат каналы курулат

Аймак 0

Бишкек, 05.07.18. /Кабар/. Баткен районунда узундугу 46 чакырым болгон сугат каналын куруу пландалууда. Ал үчүн 500 млн. сом жумшалат. Акча каражаты Кытай тараптан гранттык негизде бөлүнгөн.

Курулуш маалында биринчи кезекте узундугу 12 чакырым болгон эски каналды оңдоп-түзөө пландалган, андан соң 4 чакырым магистралдык жана 30 чакырым ички канал курулат.

Курулуш иштерин 3 айдын ичинде бүткөрү пландалган. Жумушчулардын 80%ын жергиликтүү тургундар түзөт. Катардагы жумушчулардын айлык акысы айына 15 миң сом, ал эми айдоочулардыкы – 28 миң сом.

Каналдын курулушу аяктагандан кийин Дара жана Төрт-Гүл айыл округдарындагы 1500 га кайрак жер суугат суу менен камсыз болот деп күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий