• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Баткенде “Ыр кесе” маданий иш-чарасы болду

Аймак 0

Бишкек, 23.07.18. /Кабар/. Баткендин Ак-Кайың жайлоосунда “Ыр кесе” маданий иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн кабрлашты.

Маалыматка ылайык, кыргыз элинин маданиятын, каада-салтын даңазалаган майрамда өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев сөз сүйлөп, бул жакшы жөрөлгө менен жалпы журтту куттуктады.

“Иш-чарада таланттуу чыгармачыл инсандар өрүкзарлуу Баткенди даңктап, барктап, даңазалаган чыгармаларын аткарышты”, -деп айтылат маалыматта.

Баткен облусу ыр кесенин кезегин Нарын облусуна өткөрүп берди.

Пикир

Оставить комментарий