• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткенде президенттин ысырапкерчиликке каршы жарлыгы колдоого алынууда

Аймак 0

Бишкек, 11.03.22. /Кабар/. Баткенде ысырапкерчилик боюнча облустук деңгээлде түшүндүрүү иштери жүрдү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Баткен шаарындагы А.Жайнаков атындагы маданият үйүндө КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жетектеген облус аймагындагы айыл аймактын башчылары, район-шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана алардын орун басарлары айыл активисттери катышкан облустук деңгээлдеги чоң жыйын болуп өттү. Маалыматтар берилип, жыйын талкуулар менен коштолду.

Жыйында Баткен облустук милициясынын начальниги Мурат Боронов президенттин маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш-чараларды жана башка үй-бүлөлүк иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкерчилике жол бербөө багытында чыккан жарлыгын жер-жерлердеги айыл тургундарына жеткирүүдө милиция кызматкерлери үзгүлтүксүз иш алып барып жаткандыгын жана район борборунан алыс жайгашкан тоолуу аймактарга милициянын көчмө кабылдамасы түзүлгөн графиктин негизинде барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткандыгын белгилеп кетти.

Жыйынга катышкан эл кыргыздын той-аштардагы, өлүм-житимдеги колдонулган үрп адаттары адаттан сырткары чоң ысырапкерчиликке алып келип жаткандыгын айтышып, сарамжалдуулукту колдоорун билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий