• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Баткенде үзүрлүү эмгектенген милиция кызматкерлери сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 05.04.21. /Кабар/. Баткен облустук милициясынын өздүк курамы жана жер-жерлерде кызмат өтөп жаткан кызматкерлер Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарында көп жылдан бери үзүрлүү жана кынтыксыз, ошондой эле ак ниеттүүлүк менен кызмат өтөгөндүгү үчүн ИИМдин I, II, III даражадагы “Азамат” медалы менен сыйлынды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кызматкерлерди алган сыйлыктары менен Баткен облустук милициянын башчысы Мурат Боронов куттуктады.

Иш-чаранын жыйынтыгында өздүк курамга саптык кароо өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий