• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткенде Өзбекстанга мыйзамсыз түрдө 24 телевизор алып бара жаткан жаран кармалды

Аймак 0

Бишкек, 13.02.20. /Кабар/. 12-февраль күнү Баткен облусунда мыйзамсыз түрдө Өзбекстанга телевизорлорду алып бара жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Чек ара кызматынан белгилешкендей, Кадамжай районунда Hyundai Porter айдаган Кыргызстандын 32 жаштагы жараны 24 телевизорду (тиешелүү документтери жок) көзөмөл-өткөрмө жайынан тышкары Өзбекстанга алып өтүүгө аракет кылган.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жана жүк Бажы кызматынан аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий