• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткенде Өзбекстанга мыйзамсыз түрдө жүк алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

Аймак 0

Бишкек, 24.01.20. /Кабар/. Кечээ, 23-январь күнү Баткен облусунда Өзбекстанга мыйзамсыз түрдө жүк алып өтүүгө аракет кылган кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Чек ара кызматынан билдиришкендей, Кадамжай районунун Жийде-Арык аттуу жеринде "Hyundai Porter" унаасын айдаган 39 жаштагы кыргыз жараны кармалган. Ал унаасында 18 телевизор, 38 жууркан жана ар кандай кийим-кече алып бара жаткан. Ал жаранда жүктүн тиешелүү документтери болгон эмес.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, кармалган жүктүн баасы 350 миң сомду түзөт.

"Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран менен жүк Бажы кызматынын аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий