• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткенде өзгөчө кырдаал киргенден бери 4 жол кырсыгы катталып, бир жаран каза болду

Аймак 0

Бишкек, 10.04.20. /Кабар/. Баткен облусунда өзгөчө кырдаал режими киргенден бери 4 жол кырсыгы катталып, бир жаран каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Облус аймагына өзгөчө кырдаал киргенден бери жол кыймылынын эрежесин бузган 73 айдоочу кармалып, протокол түзүлгөн. Алардын ичинен унааны мас абалында башкарган 9 айдоочу, айнектерди караңгылатып унаа башкарган 4 айдоочу жана башка жол эрежелерин бузган 60 айдоочу кармалган.

"Баткенде өзгөчө кырдаал орногондон бери 4 жол кырсыгы катталып, бир адам каза болгон. Кырсыктан 4 адам ар кандай жаракаттарды алган", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий