• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткенде жаңы көмөк чордон курулат

Аймак 0

Бишкек, 6-июнь /Кабар/. КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев жаңыдан курулушу башталганы турган “Исхак Раззаков” көмөкчү чордонунун курулушу боюнча жыйынга катышты. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн билдиришти.

Өкүл жыйында Кыргызстан Улуттук электр тармактарынын энергетиктери жана Баткен, Лейлек райондорунун акимдери, айыл өкмөт башчылары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Өкүл өз сөзүндө курулуштун жүрүшүнө активдүү катышууну бардык жетекчилерге тапшырды. Ал эми Баткен районунун Ак-Татыр айылынын Рават айылынан курулуш үчүн керек болгон 80 миң чарчы метр жерди ажыратып берүү менен документтештирүүнү тездетүү тапшырмасын берди.

“Исхак Раззаков” көмөкчү чордону курулса, бүгүнкү күндө электр энергиясын кошуна Тажикстандан алып келген Баткен районунун Ак-Сай, Самаркандек, Ак-Татыр айыл өкмөттөрү менен Лейлек районунун Маргун, Жаңы-Жер айыл өкмөттөрүн көз карандысыз электр энергиясы менен камсыз кылат.

Жалпы сметалык баасы 15 млн долларды түзгөн, кубаттуулугу 110 квт, бул көмөкчү чордондон Арка массивине чейин 51 км узундуктагы аба чубалгылары тартылып, Арка насостук станциясын да электр энергиясы менен камсыздайт.

“Кыргызстан Улуттук электр тармактарынын” Ош жогорку чыңалуу электр тармактары ишканасынын директору Марат Раймалиевдин маалыматында, учурда курулуш боюнча тендердик жумуштар жүрүп жатат. Жакынкы убактарда курулуш башталса, эки жылдын ичинде пайдаланууга берилери белгиленүүдө.

Пикир

Оставить комментарий