• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткенде жаңы көпүрө пайдаланууга берилди

Коом 0

Бишкек, 01.11.22. /Кабар/. Баткен шаарындагы Кызыл-Дөң кварталынын Бакай-Ата участкасында 10 млн 700 миң сомдук жаңы көпүрө курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, көпүрө ӨКМ тарабынан курулган. Анын узундугу 15 метр, кеңдиги 12 метр, эки тарабында тең жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөгү менен кошо курулду.

"Сел өтүүчү сай аркылуу айрыкча жаан-чачын көп жааган жаз айларында сел келип, жол каттамы үзгүлтүккө учурагандыктан, шаардыктар үчүн жол каттамы түйшүк жаратып келген. Эми келерки жылга дагы шаарда сел өтүүчү сай аркылуу өткөн 2 көпүрөнү куруу планы каралууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий