• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Баткенде жаңы окуу жылына карата беш мектеп, үч бала бакча ачылды

Аймак 0

Бишкек, 01.09.22. /Кабар/. Бүгүн, 1-сентябрда Баткендин Сагын Кожобаева атындагы Самаркандек орто мектебинин жаңы имаратынын ачылышы өттү. Бул тууралуу аталган облустагы президенттин өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Салтанаттуу иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл тургундары, мугалимдер жана окуучулар катышты.

Облус башчысы аталган окуу жайдын курулушуна көрсөткөн жардамы үчүн Өзбекстандын жетекчилигине ыраазычылык билдирип, эки элдин бир туугандык мамилеси, достугу мындан ары да чыңдалышына тилектеш экендигин билдирди.

Пайдаланууга берилген мектеп жалпысынан 330 орунга ылайыкташып, толук шартта заманбап түрдө салынган.

Мындан сырткары, жаңы окуу жылына карата Баткен облусунун аймагында беш мектеп, үч бал бакча ачылды.

• Үч-Дөбө айылында 225 орундуу жаңы типтүү Үч-Дөбө башталгыч мектеп;
• Кара-Токой айылындагы Б.Мергенов атындагы 150 орундуу орто мектеп;
• Сай айылындагы Д.Акматов атындагы 225 орундуу мектеп;
• Кадамжай районунун Ноогардан айылындагы №32 Ноогардан орто мектебинин 275 орундуу жаңы имараты ачылып, пайдаланууга берилди;
• Ак-Сай айылындагы 34 орундуу "Гүлсүнай" бала бакчасы;
• Лейлек районунун Максат айылындагы 100 орундуу “Сейтек-Максат” балдар бакчасы;
• Интернационал айылындагы 100 балага ылайыкташкан “Үмүт” балдар бакчасы да пайдаланууга берилди.

Пикир

Оставить комментарий