• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткенде жаңы окуу жылына карата үч мектеп пайдаланууга берилет

Аймак 0

Бишкек, 06.08.19. /Кабар/. Баткенде жаңы окуу жылына карата үч мектеп пайдаланууга берилет. Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашкандай, ыйгарым укуктуу өкүл Акрам Мадумаров Баткен районунун Ак-Сай айылындагы Б.Ходжаев атындагы орто мектебинин капиталдык ремонт иштеринин жүрүшүнөн кабар алган.

Маалыматка ылайык, мектепти оңдоп түзөө иштери үстүбүздөгү жылдын 21-июлда башталган. Ремонт иштерине республикалык бюджет эсебинен 10 млн. сом каралган.

Акрам Мадумаров ремонт иштерин 25-августка чейин бүткөрүүнү тапшырган.

“Ак-Сай айылынын тургундары буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков жана премьер министр менен болгон жолугушууда чек аралаш аймактын социалдык көйгөйлөрүн чечүүнү, анын ичинде аталган мектепти капиталдык ремонттон өткөрүп берүүнү суранышкан. Учурда мектептин капиталдык ремонтунан тышкары аймакка эки бала бакчанын курулушу башталууда”, - деп айтылат маалыматта.

Б.Ходжаев мектеби буга чейин Кыргыз өкмөтү тарабынан атайын компьютердик класс менен да камсыздалган.

“Быйылкы жаңы окуу жылына Баткен облусунда үч жаңы мектеп пайдаланууга берилээри күтүлүүдө. Алар, Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Сай айылындагы “Акматов”, Лейлек районунун Ак-Суу айыл аймагындагы “М.Горкий”, Кадамжай районунун Халмион айыл аймагындагы “Халмион” орто мектептери”, - деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми алты мектеп капиталдык оңдоп түзөөдөн өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий