• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Баткенде жаңы оорукананын модулдук курулмалары орнотулуп бүттү

Аймак 0

Бишкек, 25.11.20. /Кабар/. Кошуна Өзбек Республикасынын колдоосу менен Баткен облусунун Кадамжай районунда курулушу башталган 200 орундуу жугуштуу оорулар ооруканасынын модулдук курулмалары орнотулуп бүттү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жеңил конструкциядагы оорукана Кадамжай районунун аймактык ооруканасынын короосуна, 1 гектарга жакын аянтка курулууда.

Учурда оорукананын чатырын жабуу, суу, электр энергиясын жеткирүү аракеттери көрүлүп, канализация жана ички жумуштары жасалууда. Курулушта 45 жумушчу иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий