• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткенде жаракат алган бир милиция кызматкери жандандыруу бөлүмүндө, абалы оор — ИИМ

Коом 0

Бишкек, 06.05.21. /Кабар/.Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жабыркаган аскер жана милиция кызматкерлерине зарыл болгон медициналык жардамдар көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР ички иштери министри Улан Ниязбековдун тапшырмасы менен ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын башчысы Жеңиш Жоробеков, андан сырткары ИИМдин ЭММКАКтын өздүк курамы жана түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилери Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги куралдуу кагылышуудан жаракат алган ИИМдин Ички аскерлеринин аскер кызматчылары жана милиция кызматкерлеринин акыбалы менен таанышуу үчүн Бишкек шаарындагы №4 ооруканага барып келишти.

ИИМдин ЭММКАКтын жетекчилиги дарыгерлер менен маектешип, дарыланып жаткан кызматкерлердин жана жарандардын ден соолугунун акыбалын сурады.

Андан сырткары, баарлашуу учурунда дарыланып жаткан милиция кызматкерлери жана аскер кызматчылары аталган окуяны көздөрүнө жаш алуу менен эскеришип, Ата мекенин коргоо үчүн өз өмүрлөрүн берүүгө ар дайым даяр экендигин баса белгилешти.

Каргашалуу окуяда жаракат алган Баткен ОИИБдин ЭММКАКтын кызматкери Адилет Атамалиев учурда оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ооруканада оор абалда жаткан милиция кызматкеринин ата-энеси менен анын кесиптештери жолугуп, материалдык жана моралдык колдоо көрсөтүштү.

Өз кезегинде милиционердин ата-энеси көңүл буруп, материалдык колдоо көрсөткөндөрү үчүн ыраазычылыгын билдиришип, өлкөбүздө ар дайым тынчтык, бейпилдик өкүм сүрүшүн каалашты.

Баарлашуу учурунда жаракат алган кызматкерлерге ар тараптан колдоо көрсөтүү өлкөнүн жетекчилигинин көзөмөлүндө экендиги айтылды.

Ошондой эле, мекенин коргоодо эрдик көрсөткөндүктөрү үчүн кызматкерлерге Ички иштер министрлигинин атынан ыраазычылыктар айтылып, тез арада сакайып кетүүлөрүнө тилектештигин билдиришти. Жаракат алган бардык кызматкерлерге азык-түлүк продуктулары дагы тапшырылды.

Азыркы учурда жабыркаган аскер жана милиция кызматкерлери зарыл болгон бардык медициналык жардамдарды алышууда.

Пикир

Оставить комментарий