• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткенде жарандар электрондук кезек аркылуу медициналык кароодон өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 28.01.20. /Кабар/. Баткенде жарандар электрондук кезек аркылуу медициналык кароодон өтүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, күн мурун облустун саламаттык сактоо тармагынын жыл жыйынтыгын чыгарган коллегиясы болуп өткөн. Ага саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев, өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Чынара Саттарова, Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Арзыбек Бөрүбеков жана бул тармактын жетекчилери, кызматкерлери катышты.

Жыйында жыл ичинде аткарылган иштер жана 2020-жылга пландар талкууланды.

Белгилей кетсек, 2019-жылы республикалык бюджеттен 139 млн сомго Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун имараты бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Ал эми Исфана шаарында Кувейт мамлекетинин колдоосу менен 28 млн сомго 40 орунду төрөт үйү курулуп, иштеп баштады. Ошондой эле облустук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имараты Түрк грантынын эсебинен 76 миң АКШ долларына толугу менен капиталдык оңдоп түзөөдөн өттү. Кадамжай аймактык ооруканасынын экинчи имараты республикалык бюджеттен 84 млн сомго курулуп, пайдаланууга берилди. Аны менен катар облуска РФ тарабынан баасы 15 млн 580 миң рубль болгон мобилдүү клиника тапшырылды. Мобилдүү клиниканын ичинде бейтапка медициналык кароо жүргүзүү үчүн керек болгон бардык шарттар түзүлгөн.

2019-жылы облус боюнча 4 ФАП жана 3 үй бүлөлүк дарыгерлер топторунун имараттары курулуп, иштеп баштады. Ал эми Лейлек райондук үй бүлөлүк дарыгерлер борборуна жеке ишкер тарабынан тез жардам унаасы белекке берилди.

Учурда облуста жаш дарыгерлердин депозити программасынын алкагында иштеп жаткан 47 дарыгер бар.

Азыркы тапта облустун саламаттык сактоо мекемелеринде электрондук кезек аркылуу кабыл алуу жүрүүдө. Ушул тапта 10 миңден ашуун бейтап электрондук кезек аркылуу медициналык кароодон өткөн.

Пикир

Оставить комментарий