• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткенде Жарандык коргонуу боюнча машыгуу өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 22.11.21. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Лейлек районунун Маргун айылында облустук жана Лейлек райондук Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун атайын машыгуусу өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Машыгууга КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратынын Укук тартиби, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы М. Турсуматов, өзгөчө кырдаалдар минстринин орун басары Калыс Ахматов жана Баткен облустук жарандык коргонуу кызматтарынын өкүлдөрү катышты.

Лейлек районунун аймагында өткөрүлгөн машыгуу учурунда жалпысынан 30 даана чатыр орнотулуп, ага 1000ден ашык качкындарды кабыл алуу боюнча практикалык иш-чаралар өткөрүлдү, келген качкындарды тосуп алуу жана коштоо, ошондой эле аларды каттоо жана тиешелүү процедураларды сактоо үчүн фильтрациялоо пунктунан өткөрүү иш аракеттери даярдалды.

Машыгуунун негизги максаты Жарандык коргонуу комиссиясы качкындарды кабыл алуу боюнча күчтөрдү жана каражаттарды көзөмөлдөө, ошондой эле окутуп үйрөтүү болуп саналат.

Атайын машыгуунун жыйынтыгында качкындарды кабыл алуу боюнча практикалык иш аракеттер толугу менен аткарылып, тиешелүү кызматкерлерге алардын укуктары жана милдеттери үйрөтүлүп машыгуунун максатына жетишилди.

Пикир

Оставить комментарий