• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткенде жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөргө 25 тонна көмүр акысыз таратылды

Аймак 0

Бишкек, 03.12.18. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 30-ноябрь күнү Баткен облусунун Самаркандек айылындагы «Нур Ислам» мечитинде жардамга муктаж үй-бүлөлөргө 3 каптан көмүр акысыз таратылды. Кайрымдуулук саамалыгы жергиликтүү ишкер Сүйүнбай Ташпулатовдун колдоосу менен уюштурулуп, көмүр Сүлүктүдөн алынып келинген. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирет.

"Ислам дининде алган колго караганда берген кол артык деп айтылат. Ошондуктан бул сөзгө амал кылуу максатында жеке ишкер Сүйүнбай Ташпулатовдун колдоосу менен муктаждарга жардам берүү аракети ишке ашырылды",- дейт Самаркандек айылынын имамы Исламидин ажы Назаров.

"Жардам алган муктаж үй-бүлөлөрдүн жүздөрүнө кубаныч тартууланып, жаштарга ыраазы экендиктерин жашырышкан жок", - деп билдиришти муфтияттан.

Ушундай эле жардамдар айылдагы мечиттерге дагы берилип, бул күнү жалпысынан 25 тоннага жакын көмүр акысыз таратылган.

Пикир

Оставить комментарий