• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткенде жарылбай калган снаряддарды зыянсыздандыруу иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 06.05.21. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасындагы окуя учурунда жана тажик тараптын артиллерияны колдонуусунун натыйжасында Баткен районундагы бир катар калктуу конуштардын аймагынан жарылбай калган снаряддарды зыянсыздандыруу иштери жүрүүдө.

Коргоо министрлигинен билдиришкендей, 2-майдан баштап министрлик аталган заттарды зыянсыздандыруу жана жок кылуу боюнча атайын жумушчу топ түзүп, ага Куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабынын инженердик башкармалыгынын инженерлери тартылган.

“Аталаган жумушчу топ Баткен жана Лейлек багыттарында, тактап айтканда, Максат, Кулунду, Карабак, Кызыл-Бел, Достук, Миң-Булак, Самаркандек, Ортобоз, Көк-Таш, Аксай жана башка бир катар айылдарда иш жүргүзүшүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Инженердик башкармалыгынын өздүк курамы жергиликтүү тургундар менен жардыргыч заттардын жана жарылбай калган снаряддардын коркунучу жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Коргоо министрлиги жарандар снаряддарды таап алса аларга тийбестен, токтоосуз атайын миналарды тазалоо боюнча адистерге дароо кабарлоосун суранат.

Пикир

Оставить комментарий