• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Баткенде жаштар үчүн заманбап спорт зал курулууда

Аймак 0

Ош, 06.09.18. /Кабар/. Баткен облусунун Кара-Булак айыл аймагынын Бужум айылында жаштар үчун заманбап спорт зал курулууда.

Кара-Булак айыл аймактык башкармалыгынын башчысы Ачылбек Ташбековдун айтуусунда, жаңы спорт залда жаштар үчүн бардык шарттар түзүлөт.

Курулуштун жалпы сметалык баасы 14 млн. сом. Тендерди “Нифирит” курулуш компаниясы утуп алган, суммасы 5 млн. 200 миң сом.

Курулуш иштери 2018-жылдын июнь айында башталган, үстүбүздөгү жылдын ноябрына чейин аяктоо пландалууда.

Ташбеков билдиргендей, Бужум айылында атайын өзүнчө спорт зал жок, ага байланыштуу спортчулар жергиликтүү мектептеги спорт залга барышат. Алар мектеп окуучуларына тоскоолдук жараткандыктан, өзүнчө спорт зал куруу чечими кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий