• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Баткенде жаштардын жакшылык жумалыгы өтөт

Аймак 0

Бишкек, 23-апрель /Кабар/. 21-27-апрель күндөрү Кыргызстанда жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан “Жаштардын Кайрымдуулук Жумалыгы 2017” өнөктүгү болуп өтөт. Бул тууралуу «YouthofOsh» коомдук бирикмесинин коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

Алардын айтымында, ушул жылы Баткен облусунун чектеш аймактары да бул иш-чарага коомго пайдалуу иш-чараларды уюштуру аркылуу активдүү катышып жатат.

“Жаштардын кайрымдуулук жумалыгы-2017”” – бул жакшылыкты жайылтуучу жана коомду жакшылык кылууга, муктаждарга жардам көрсөтүүгө, коомго пайда келтирүүгө жана ага салым кошууга үндөөчү үлкөн өнөктүк.

Апта ичинде өнөктүктүн демилгечилери жана өнөктөрү жаштардын өз эрки, ыктыярдуулук шартында жасала турган коомдук-пайдалуу иш-чараларды жана акцияларды өткөрүшөт.

Кыргызстандын ар кайсы аймактарындагы жүздөгөн жаштар бул күндөрү “Жаштар дүйнөнү өзгөртөт!” аттуу ураандын алдында көңүл бурууга жана ден-соолук, экология, социалдык коргоо, билим берүү багыттары боюнча колдоого муктаж жарандар үчүн 50дөн ашуун социалдык иш-чараларды өткөрүшөт.

«Кыргызстандын, ошол эле учурда алыскы, чектеш райондордогу жаштар ушул өтө маанилуу жана пайдалуу кайрымдуугук саамалыгына катышып жаткандыгы өтө кубандырат. Мамлекеттер аралык достукту чыңдоо жаатында көптөгөн жетишкендиктерди эске алып, жаштар позитивдүү өзгөрүүнүн кыймылдаткычы экендигин өтө чоң ишенич менен белгилеп кетем. Бул иш-чара ошол позитивдүү өзгөрүүлөрдүн башталышы гана болооруна толук ишенем», - деп белгиледи ЮНИСЕФтин Оштогу кеңсесинин жаштар программасынын координатору Гүльнара Жеңишбекова белгилеп кетти.

“Жаштардын кайрымдуулук жумалыгы-2017” өнөктүгүнүн катышуучулары социалдык инфраструктура объектилерин калыбына келтирүүгө, муктаждарга жана башпаанексиздерге тамак-аш таркатканга, бак-дарактарды актаганга, флеш-мобдорду жана жүрүштөрдү уюштурууга, акысыз кеп-кеңештерди берүүгө, спорттук оюндарды жана мелдештерди уюштурууга, экологиялык акцияларды жана көптөгөн башка нерселерди ишке ашырууга жардам беришет.

“Бул өнөктүк коомго кызмат кылууга багытталат. Биз жаштарды коомдук ишмердикке активдүү катыштырмакчыбыз жана үлкөн материалдык каражаттарсыз эле жаштар жакшылыктарды өз күчтөрү менен жасай алышарын аларга жеткирмекчибиз”, - дейт «YouthofOsh» коомдук бирикмесинин өкүлү Асель Абдраимова.

Күч-аракеттерди бириктирип, өз коомубузга жакшы иштерди жасай алышыбыз үчүн биз бардык каалоочуларды “Жаштардын жакшылык аптасы–2017” өнөктүгүнө кошулууга чакырабыз. Биз менен байланышыңыз: +996 773 043 194 же dasturdaliev@gmail.com

Маалымат үчүн:“Жаштардын кайрымдуулук жумалыгы-2017” өнөктүгү ушундай эле аталыштагы жыл сайын өтүүчү “GlobalYouthServiceDays – Жаштардын кызмат кылуусунун бүткүл дүйнөлүк күнү” глобалдык өнөктүгүнүн алкагында өткөрүлүп жатат. Бул өнөктүк жаштарга жана балдарга арнап кызмат кылуунун эң ири иш-чарасы болуп эсептелет. Жыл сайын ага 100дөн ашуун өлкөлөр катышышат. Жаштар, мектептер, мамлекеттик түзүмдөр, коммерциялык уюмдар, насаатчылар жаштарды өз жамааттарындагы бышып-жетилген көйгөйлөрдү чечүүгө тартышат. Бул өнөктүк боюнча кеңири маалыматтарды бул жерден тапсаңыз болот: http://gysd.org/

Баткен облусунун чек ара аймактарынын “Жаштардын кайрымдуулук жумалыгы-2017”” катышуусу КР Өкмөтү менен биргеликте жана БУУнун Балдар фондусунун (ЮНИСЕФ), Швейцариянын кызматташуу агенттигинин (SDC) жана БУУнун тынчтыкты куруу фондусунун каржылоосу менен "YouthofOsh" коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Бекем тынчтык жана өнүгүү үчүн чек ара аралык кызматташуу” долбоорунун алкагында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий