• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Баткенде жазгы талаа жумуштары өз нугунда жүрүп жатат

Аймак 0

Бишкек, 25.03.20. /Кабар/. Баткенде жазгы талаа жумуштары өз нугунда жүрүп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Баткен облусу боюнча коронавирус инфекциясынын экономикага тийгизген таасиринин кесепеттерин азайтууга багытталган чараларды жүзөгө ашыруу боюнча ар бир айыл аймакта жазгы-талаа иштеринин абалын катуу көзөмөлгө алуу каралып бүгүнкү күндө облус боюнча жалпы жазгы талаа иштерине 48 миң 734 га жерге эгүү пландаштырылган.

"24-мартка карата 24 миң 601 га жерге эгиндер эгилип, анын ичинен буудайды эгүүнүн көлөмү 4 миң 505 га жетсе, арпа эгүү 9 миң 506 га жетти. Ал эми 700 гектарга картошка, 186 гектарга жашылча эгилип, 300 гектарга жаңы көчөттөр отургузулду. Учурда күйүүчү май, минералдык жер семирткичтер жетиштүү, дагы камсыздоо уланууда", - деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө дүйнөдө коронавирустун жайылышына байланыштуу соода-сатыкка киргизилген чектөөлөрдөн улам ата мекендик экономикалык жоготууга учуроо тобокелчилиги пайда болууда, ошондуктан учурда коронавирус инфекциясынын экономикага тийгизген таасиринин кесепеттерин азайтууга багытталган экономикалык туруктуулукту камсыз кылуу аракеттери көрүлүүдө. Ал үчүн Баткен облусунда өндүрүш менен алектенген ишканалардын токтоп калуусуна жол бербөө максатында облустун элдерине керектүү импорттук сырьену ташууга тоскоолдук жок.

Бүгүнкү күндө Баткен облусунун калкына керектүү товарларды ташуу үчүн коңшу мамлекеттер арасындагы чек ара постору жабылган жок.

Белгилеп кетүүчү нерсе, бүгүнкү күндө Баткен облусу боюнча ички базарлардагы сатылып жаткан азык-түлүктөрдүн көлөмүн эске алуу боюнча мониторинг жүргүзүүнүн натыйжасы көрсөткөндөй, Баткен облусунда азык-түлүк продуктуларынын жана товарлардын запасы жетиштүү жана алардын баасы туруктуу десек болот.

Пикир

Оставить комментарий