• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткенде жеке курулуш компаниясы аскер кызматкерлерине турак үй куруп берет

Аймак 0

Бишкек, 06.11.20. /Кабар/. Бүгүн, 6-ноябрь күнү Баткен облусундагы Баткен чек ара бөлүмүнүн аймагында аскер кызматкерлери үчүн курулуучу турак үйдүн пайдубалына капсула салуу иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Чек ара кызматына билдиргендей, быйыл август айында “Квартал-Строй” компаниясынын өкүлдөрү менен Баткен чек ара бөлүмүнүн командири К.Төлөнбаев аталган бөлүмдүн аскер кызматкерлерине 8 батирлүү турак үй куруп берүү тууралуу меморандумга кол коюшкан.

Иш-чарада курулуш компаниясынын өкүлү А.Талипова сөз сүйлөп, алар чек арада мамлекеттин коопсуздугун караган аскер кызматкерлерине социалдык колдоо көрсөтүү тууралуу чечим кабыл алганын билдирген.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Ж. Жалалов компаниянын жетекчилигине чек ара мекемесинин жана Баткен облусунун инфраструктурасын жакшыртууга көрсөтүп жаткан жардамы үчүн ыраазычылык билдирген.

Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары А.Алимбаев, чек арадагы коопсуздук өлкөнүн экономикалык өнүгүшүнүн, анын ичинде жеке бизнестин өнүгүшүнүн негизги фактору экенин белгилеген.

Белгилей кетсек аскер кызматкерлери үчүн салынуучу турак үйдүн курулушунун чыгымын “Квартал-Строй” курулуш компаниясы өз мойнуна алууда.

Пикир

Оставить комментарий