• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткенде жер көчүп, жайлоого баруучу жолду жана айдоо жерди басып калды

Кырсык 0

Бишкек, 27.04.18. /Кабар/. Баткен облусунун Кыштут айыл аймагында жайгашкан Сай айылынан 1 чакырым алыстыктагы тоонун боорунан көлөмү 45 миң куб метр жер көчкү түшкөн. ӨКМден кабарлашкандай, анын кесепетинен Сай айылына келүүчү сугат суу каналынын 130 метр аралыгын тоонун башында жайгашкан Мегаком, Билайн компанияларынын базалык станциясына баруучу ички чарбалык жолдун 100 метр аралыгын, Гороту жайлоосуна баруучу 150 метр ички чарбалык жолду жана 7 га айдоо жерди басып калган.

Учурда жолду жер көчкүдөн тазалоо иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий