• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткенде жер көчкү коркунучу бар аймактан тургундар көчүрүлө баштады

Аймак 0

Бишкек, 04.09.17. /Кабар/. ӨКМнин куткаруучулары жер көчкү коркунучуна байланыштуу Баткен облусундагы Кан айылынын тургундарын башка жакка көчүрө башташты.

ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ушул тапта айылдын 6 үй-бүлөсүн жер көчкү басып калуу коркунучунда турат. 1-сентябрда болжол менен саат 13:00 чамасында Кожешкен дарыясынын түштүк жээгинде жарака пайда болуп, кооптуу жагдайды жараткан.

2-сентябрда куткаруучулар тарабынан тийиштүү иш чаралар өткөрүлүп, коопту делген аймак көзөмөлгө алынган.

Пикир

Оставить комментарий