• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткенде жер казынасын мыйзамсыз пайдалануу фактылары аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 08.02.23. /Кабар/. Баткенде жер казынасын пайдалануу жаатындагы мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүү иштеринин алкагында УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан, Баткен районундагы “Урмизан” көмүр кенинде жер казынасын пайдалануу жаатындагы мыйзам бузуу фактылары аныкталды.

2022-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү убагында геологиялык чалгындоо иштерине гана лицензиясы бар жеке менчик ишканалар тарабынан, Баткен облусунун Карабак айыл аймагындагы “Урмизан” көмүр кенинде өзгөчө ири көлөмдө мыйзамсыз көмүр казылып, коңшу мамлекеттердин бирине экспорттолгон.

Жогорудагы фактылар боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий