• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткенде жер семирткичти аткезчилик менен ташуу аракетине бөгөт коюлду

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.01.23. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кыргызстандын мамлекеттик чек ара тилкелеринде аткезчиликтин алдын алууга жана бөгөт коюуга багытталган тиешелүү ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө.

Комитеттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, 2023-жылдын 16-январында Лейлек районунун Сада аймагында УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери Чек ара кызматы менен биргеликте 03 KG 249 ACM мамлекеттик номурлуу “Мерседес-Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү унааны кармаган.

Көрсөтүлгөн унаанын айдоочусу 1994-жылы туулган А.Я.М., селитра түрүндөгү минералдык жер семирткич жүктөрдү контрабандалык жол менен ташууга шектелип, Баткен РИИБнин убактылуу кармоочу жайына камалып, унаасы УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгына киргизилди.

Бул факты УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан маалыматты каттоо журналына катталып, тергөө-ыкчам иш-чаралары башталды.

Пикир

Оставить комментарий