• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткенде жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 23.01.19. /Кабар/. Баткен облусунда жер титирөө катталган, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

КРнын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, кечээ, 22-январда болжол менен саат 17:12де Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Баткен районунун Кара-Булак, Газ айылдарында 3 баллга, Бужум айылында 2,5 баллга жана Баткен шаарында 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий