• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткенде жергиликтүү жаран баңгизаттарды ташып жаткан учурда колго түштү

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.11.20. /Кабар/. Баткен облусунун аймагында жергиликтүү жаран баңгизаттарды ташып жаткан учурда колго түштү. Бул тууралуу КР ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылаык, аталган кызматтын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлерине “Алик” аттуу жаран Тажикстандын аймагынан Баткен облусу аркылуу Кыргызстанга баңгизаттарды ташып жана сатып өткөрүү менен алектенип жүргөндүгү боюнча маалымат келип түшкөн.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 267-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча катталган.

"2020-жылдын 9-ноябрь күнү саат 20:30дар чамасында жүргүзүлгөн атайын ыкчам тергөө иш-чаралардын натыйжасында Баткен облусунун Лейлек районунун Жаштык айылындагы автоунаа жолунда Чүй облусунун Сокулук районунун Ак-Кашат айылынын тургуну 1976-жылы туулган Дж.Х.Дж. кармалган. Кармалган жаранга тинтүү жүргүзгөн учурда колуна алып жүргөн спорттук сумакасынын ичинен таңгакталган өзгөчө жыты бар кара-күрөң түстөгү баңгизат табылып алынган", - деп айтылат маалыматта.

Соттук-химиялык изилдөөнүн корутундусунун негизинде алынган каражат жалпы салмагы 796 граммды түзгөн “гашиш” баңгизаты экендиги маалым болгон.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий