• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Баткенде жетекчилик кызматтагы 5 адам аттестациядан өтүп, үчөө өтпөй калды

Аймак 0

Бишкек, 16.03.21. /Кабар/. Баткен облусунда жетекчилик кызматтагы 5 адам аттестациядан өтүп, үчөө өтпөй калды. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 15-мартта Баткен облусунун жергиликтүү мамлекеттик райондук администрация башчыларын жана алардын орун басарларын аттестациялоо иши аяктады.

Аттестациялоонун биринчи этабы болгон компьютердик тестирлөөдөн бир талапкер баш тарткандыгына байланыштуу Республикалык аттестациялык комиссиясы аны кызмат ордуна шайкеш келбейт деген баасын берди. Дагы бир талапкер 50 пайыздык босогодон кем балл алгандыгына байланыштуу аңгемелешүү этабына киргизилген жок. Аттестациянын жыйынтыктоочу этабы болгон аңгемелешүүнүн жыйынтыгы менен төмөндөгүдөй чечим кабыл алынды:

  1. 5 адам ээлеген кызмат ордуна шайкеш келет;
  2. 3 адам ээлеген кызмат ордуна шайкеш келбейт деген баага ээ болушту.

Аттестациялоонун жыйынтыгы боюнча КР өкмөтүнө аттестациялык комиссия тарабынан сунуш киргизилет.

Кийинки аттестациялоо бекитилген графикке ылайык башка облустарда өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий