• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткенде жоголгон унаа милиция тарабынан табылып, ээсине кайтарылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.02.22. /Кабар/. Баткенде жоголгон унаа милиция тарабынан табылып, ээсине кайтарылды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Баткен районунун Кара-Бак айылынын 37 жаштагы Н.Б. аттуу тургуну өзүнүн үйүнүн алдына токтотуп койгон Honda Stepwgn үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз адамдар айдап кеткендигин билдирип, милицияга арыз менен кайрылган.

Арыз Баткен РИИБнин маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери жүргүзүлө баштаган.

"Ууру" иш-чарасынын жүрүшүндө Баткен РИИБнин милиция кызматкерлери тарабынан 16-февраль күнү жоголгон Honda Stepwgn автоунаасы Боз-Адыр айылынан табылып, аны айдап качкан Кара-Бак айылынын А.А. аттуу тургуну экендиги аныкталып, кармалган.

Учурда унаа өз ээсине кайтарылып, кармалган жаран тергөөгө жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий