• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Баткенде жол кырсыгынан 22 адам жабыркап, бирөө каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 17.10.18. /Кабар/. Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 284-чакырымында жол кырсыгы катталган. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашкандай, кырсык бүгүн, болжол менен саат 14:40тар чамасында болгон.

Маалыматка ылайык, Баткен районунун Ак-Татыр айылынын аймагында Ош-Исфана багыты боюнча бараткан жүргүнчүлөрдү ташуучу "Mercedes Sprinter" үлгүсүндөгү автоунаасы менен Исфана-Бишкек багыты боюнча бараткан жүк ташуучу "Mercedes Sprinte" үлгүсүндөгү унаалар кырсыкка учураган. Кырсыктын кесепетинен 22 адам жабыркап, бирөө каза болгон.

Жол кырсыгынан жабыркаган жарандардан өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев кабар алган.

"Учурда Баткен облустук ооруканасына 22 жаран жаткырылды. Алардын бешөөнүн абалы оор, жандандыруу бөлүмүндө. Ал эми жабыркагандардын экөөнө амбулатордук жардам көрсөтүлдү. Бирөө каза болду", - деп айтылат маалыматта.

Өкүл Халмурзаев тийиштүү жетекчилер менен чукул жыйын өткөрүп, жарандардын саламаттыгын калыбына келтирүү үчүн зарыл болгон бардык чараларды ыкчам көрүү боюнча тапшырмаларды берген.

Учурда кырсыктын себептери такталууда.

Пикир

Оставить комментарий