• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Баткенде жол кырсыгынан 2 адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 24-февраль /Кабар/. 2017-жылдын 24-февралында саат 08:10 чамасында Баткен облусунун Кадамжай районунда Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 126-чакырымында оор жүк ташуучу “Хово” үлгүсүндөгү унаа менен “Тико” үлгүсүндөгү унаа кагалыш, анын кесепетинен “Тико” үнаасындагы 2 адам каза болгон (1 аял, 1 эркек). Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Жол кырсыгынан оор жүк ташуучу унаанын прицеби оодарылып, ташып бараткан күйүүчү май төгүлгөн.

Окуя болгон жерде КР ӨКМнин 3-өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары, КР ӨКМнин өрт-куткаруу кызматынын куткаруучулары, РИИБнүн милиция кызматкерлери, медицина кызматынын кызматкерлери тартылган. Куткаруучулар каза болгондорду туугандарына өткөрүп беришти.

Пикир

Оставить комментарий