• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткенде жол кырсыгынан 3 адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 10.10.2021. /Кабар/. Кечээ, 9-октябрда саат 17:30 дар чамасында Кадамжай - Айдаркен унаа жолунун 25-чакырымында Toyota Avensis менен Honda Odyssey унаалары сүзүшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгынан жалпы 10 жаран жабыркап, анын ичинен 3 адам каза болуп, 7 жаран ар кандай жаракат алган.

Каза болгон эркек адамдын жансыз денеси Айдаркен жана Кадамжай шаардык оорукананын өлүк сактоочу жайына жеткирилген, ал эми жабыркаган жарандар Айдаркен шаардык ооруканага жеткирилген.

Куткаруу иштерине Кадамжай райондук №76 ӨККБдан 3 куткаруучу, тез жардам кызматы жана КР ИИМнин кызматкерлери тартылган.

Пикир

Оставить комментарий