• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Баткенде жол кырсыгынан 8 адам каза болуп, бирөө ооруканага түштү

Кырсык 0

Бишкек, 23.11.22. /Кабар/. Баткен облусунда жол кырсыгынан 8 адам каза болуп, бирөө ооруканага түштү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине облустун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы күн мурун, 22-ноябрда саат 19:30дар чамасында Кадамжай районундагы Ош – Раззаков жолунда катталган. Анда "Мерседес-Спринтер" унаасы менен "Опел Вектра" унаасы кагылышып, натыйжада 8 адам каза болуп, дагы бирөө Баткен облустук бириккен ооруканасына түшкөн.

Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий