• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Баткенде жол кырсыгынан эки адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 13.09.21. /Кабар/. Баткен облусунун Лейлек районунда Исфана - Кайрагач унаа жолунун 13-чакырымында Honda Stepwgn жана Honda Fit үлгүсүндөгү унаалар кагышкан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен 1991-жылы туулган Х.А. жана 1978-жылы туулган М.Т. аттуу эки эркек каза болуп, 7 адам ар кандай жаракаттарды алышкан.

Жерине Л 3 куткаруучу тартылып, унаада кыпчылып калган адамдын сөөгүн чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жабыркаган жарандар тез жардам кызматы аркылуу Сүлүктү шаардык ооруканасына жеткирилди.

Пикир

Оставить комментарий