• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткенде жоокер кокусунан жанындагы жоокерди атып алып, ал ооруканада каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 09.01.22. /Кабар/. Баткенде ок атуучу куралга этиятсыз мамиле жасагандыктан жоокер кокусунан жанындагы жоокерди атып алды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айылында жайгашкан ИИМдин Ички аскерлеринин 707 аскер бөлүгүнүн жоокери Чек ара кызматынын жоокерлери менен биргеликте Лейлек районундагы Сада айылындагы чек арага жакын нөөмөт пунктунда күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жаткан учурда кокустуктан чоогу кызмат кылган жоокерди ок атуучу куралдан атып алган.

"Ок атуучу курал алып жүрүүдө коопсуздук талаптарын бузуп, бири-бирине ойноп курал кезегендиктен улам ички аскерлердин катардагы жоокери 2002-жылы туулган Н.у Т. кокусунан бет маңдайда турган шериги ички аскердин жоокери тарапка ок чыгарып алган. Жарадар болгон катардагы жоокер 2003-жылы туулган М.у.К. дароо ооруканага жеткирилген, тилекке каршы жаракат алган жоокерди өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк болгон жок", - деп айтылат билдирүүдө.

Алдын ала маалыматтар боюнча, ички аскерлердин жоокери "АКСУ" ок атуучу куралын колдонууда коопсуздук талаптарын сактабастан, курал менен ойноп, ок атуучу куралга этиятсыз мамиле кылуудан улам маңдайында турган чоогу кызмат өтөгөн ички аскерлердин жоокери тарапка ок чыгарып атып алган. Ички аскерлердин командачылыгы милиция кызматкерлери менен биргеликте окуянын бардык жагдайларына текшерүүнү жүргүзө баштады.

Пикир

Оставить комментарий