• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткенде жоокерлердин спорт менен машыгуусу үчүн шарт жакшыртылат

Аймак 0

Бишкек. 30.04.19 /Кабар/. Баткен облусунун жетекчиси Акрам Мадумаров Генералдык штабдын Куралдуу күчтөрүнүн кургактагы аскерлеринин 30630 аскер бөлүгүнүн өздүк курамы менен таанышты.

Мадумаров жоокерлердин жашоо турмушу менен жакындан таанышып, алар менен баарлашканга да үлгүрдү.

Ал өз сөзүндө "сиздердин күжүрмөн аракетиңиздер менен аймагыбыз ар дайым тынч жана коопсуздук сакталуу,ошондуктан сиздер үчүн жетиштүү шарт түзүү, мамлекетибиздин артыкчылыктуу багыттарынын бири" деди.

Ошондой эле, аскер бөлүктүн жоокерлеринин спорт менен машыгуусу үчүн, спорт эмеректерин жаңылап берээрин билдирди.

Белгилей кетсек аталган аскер бөлүгү мындан 10 жыл мурда аймакты сырткы душмандардан коргоо максатында курулган.

Пикир

Оставить комментарий