• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Баткенде жугуштуу оорулар ооруканасы пайдаланууга берилүү алдында турат – штаб

Аймак 0

Бишкек, 29.09.20. /Кабар/. Баткен облусундагы жугуштуу оорулар ооруканасынын имараты пайдаланууга берилүү алдында турат. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун эски имаратын 90 орундуу ооруканага ыңгайлаштыруу максатында жасалган оңдоп-түзөө жумуштары учурда толугу менен аяктады.

Оорукананын жылытуу системасы, канализация жана суу линиялары жаңыланып, оорукана керебеттер, төшөнчүлөр менен камсыздалып, керектүү медициналык жабдуулардын алгачкы тобу келип түштү.

Оорукананын жандандыруу бөлүмү 9 бейтапка ыңгайлашкан. Ар бир бөлмө кычкылтек концентратору менен камсыздалууда. Ошондой эле жакынкы күндөрү борборлоштурулган кычкылтек концентраторунун орнотулушу күтүлүүдө. Учурда оорукананын штаттык бирдиктери каралып жатат. 78 медициналык кызматкердин иштөөсү белгиленген.

Бүгүнкү күнгө чейин Баткен районунун жана Баткен шаарынын 120 миңге жакын калкына, облустук оорукананын 45 орундуу жугуштуу оорулар бөлүмү кызмат көрсөтүп келген.

Пикир

Оставить комментарий