• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткенде жугуштуу оорулар ооруканасынын имаратынын оңдоо иштери аяктады

Аймак 0

Бишкек, 31.08.20. /Кабар/. Баткен облусунда жугуштуу оорулар ооруканасынын имаратынын оңдоп-түзөө иштери аяктады. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ыйгарым укуктуу өкүл Алишер Абдрахманов Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун эски имаратын, 90 орундуу жугуштуу оорулар ооруканасына ыңгайлаштыруу максатында жасалып жаткан оңдоп-түзөө иштеринен кабар алды.

Имаратта бардык шарттар түзүлдү, жакынкы күндөрү оорукана эмеректер менен камсыздалат.

Оңдоп-түзөө жумуштарына республикалык бюджеттин эсебинен 12 млн сомдон ашуун каражат бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий