• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткенде жума ичинде 3 миң 389 объекттин санитардык абалы текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 05.10.20. /Кабар/. Баткен облусунда жума ичинде 3 миң 389 объекттин санитардык абалы текшерилди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 709 эскертүү берилип, 308 протокол түзүлгөн. Ошондой эле 389 миң сом айып салынды. 4 учур Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. 4 учурдун ичинен чектөөлөргө баш ийбей той өткөргөн 2 учур жана санитардык талаптарды аткарбаган бир базар, бир ашкана.

Облуста эпидемиологиялык абал кооптуу болуп жаткандыктан санитардык талаптардын сакталышы боюнча рейддер тынымсыз жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий