• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткенде журналисттер үчүн үч күндүк пресс-тур башталды

Аймак 0

Бишкек, 15.06.22. /Кабар/. Баткен облусунда 15-17-июнь аралыгында журналисттер үчүн пресс-тур уюштурулду. Иш-чара президенттин администрациясынын маалыматтык саясаты кызматы карабынан уюштурулган.

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчисинин орун басары Айнура Темирбекованын айтымында, пресс-турдун алкагында журналисттер жана блогерлер социалдык жана инфраструктуралык объектилерди, өнөр жай ишканаларын кыдырып, облустун тургундары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен жолугушат.

“Өткөн жылы Баткенге өзгөчө статус берилген. Облуста атайын салык, өзгөчө инвестициялык, мамлекеттик сатып алууда жана жергиликтүү калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүдө өзгөчө жеңилдетилген режим киргизилген”, - дейт ал.

Иш-чара президенттин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаевдин катышуусунда Исхак Раззаковдун эстелигине гүл коюу менен башталды.

Ошондой эле чакан концерт коюлуп, күрөш боюнча мелдеш өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий