• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткенде журналисттин өлүмү. Милиция блогерди кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.03.22. /Кабар/. Баткендеги журналисттин өлүмүнө байланыштуу блогер кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 25-мартында Баткен шаарынын тургуну 1984-жылы туулган Арзыгүл Галымбетова Баткен ОИИБне келип “Батма-бат” ютуб каналында иштеген блогер кыз менин аброюма шек келтирип, жаман сөздөр менен каралап жатат деген таризде арыз менен кайрылган.

Бул арыз Баткен ОИИБнын маалыматтардын электрондук журналына катталат.

Ошол эле күнү тактап айтканда 25-март күнү арыздануучу чыр-чатактан соң, ден соолугу начарлап саат 20.00дөр чамасында Баткен облустук бириккен борбордук ооруканасынын неврология бөлүмүнө кайрылат. Арзыгүл Галымбетовага дарыгерлер жардам көрсөткөндүгүнө карабай ден соолугу начарлап, ошол эле түнү каза болуп калат.

Бул факты боюнча арыздануучунун арызынын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренеси ("Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү") менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Тергөө иштеринин негизинде Баткен шаарынын 33 жаштагы Б.Ж. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий